Бет ачар
Биз, азыркы замандын адамдары, технологиялардын жардамы менен, айлана чөйрөнү өзү каалагандай атайын жана өтө чоң өзгөртүүгө алып келүүчү күчпүз. Окумуштуулар азыркы эраны “антропоцен” деп аташат, себеби адамзат бүткүл планетанын экосистемасын өзгөртүүчү эң басымдуу күч. Демек, техникалык революциянын ылдамдануусунун шарттарында, кимдер ийгиликтүү өзгөрүп шартка көнө алса, алар өсүп-өнүгүп гана тим болушпай, бул революциянын багытын аныкташат.
Аралыктан окутуу
Аралыктан окутуу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
• окутуунун баасын төмөндөтүүгө (атайын аянттардын, бөлмөлөрдүн, жолго кеткен каражаттардын ж.б.зарылчылыгы жок);
• окууга кеткен убакыттын кыскаруусу;
• окуучу окуунун мөөнөтүн, боло турган убактысын, жайгашкан жерин өз алдынча пландоого мүмкүнчүлүк алат;
• бир убакытта эле чоң сандагы окуучуларды окутуу мүмкүнчүлүгү;
• заманбап каражаттарды, чоң көлөмдөгү электрондук китепканаларды ж.б.колдонуу аркылуу окуунун сапатын жогорулатуу;
• бирдиктүү билим берүү чөйрөсүн түзүү ж.б..