Суу ресурстарын башкаруу борбору
Бул долбоорго Евросоюздун 4 өлкөсүнөн - Испания, Италия, Польша жана Словакиядан - 4 университет жана борбордук азиянын 4 өлкөсүнөн - Казахстан, Кыргызстан, Тажикистан жана Өзбекистандан 8 университет катышкан.
У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетинен (ошол кезде Тоо-кен институту) "Гидрогеология, инженердик геология, мунайзат жана газдын геологиясы" кафедрасынын окутуучулары катышышкан.
Долбоордун негизги максаттарынын бири болуп "Суу ресурстарын башкаруу" адистиги боюнча катышкан бардык университеттерде магистрдик окуу программасын иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу болгон. Долбоордун жүрүшүндө аталган адистик боюнча актуалдуу темалар боюнча бир канча магистрлер диссертацияларын ийгиликтүү коргошуп тармактын ири ишканаларында өздөрүнү ишмердигин улантып келишүүдө.
Учурда аталган магистратура өз ишин улантып "Суу ресурстарны комплекстүү пайдалану жана коргоо" окуу программасы боюнча өз ишмердигин улантууда.